Билим берүү министрлиги жогорку билимдин негизинде кантип мугалим болуу керектиги боюнча түшүндүрмө берди
Билим берүү министрлиги жогорку билимдин негизинде кантип мугалим болуу керектиги боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеме КУУнун кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетин мисал келтирет.
"Кадрларды кесиптик кайра даярдоо боюнча билим берүү программалары аркылуу ишти үзгүлтүккө учуратпай аралыктан билим алуу технологияларын колдонсо болот. Анын ичинде педагогика багытында билим алса болот. Мындай окутуунун өзгөчөлүгү тездетилген программа болуп саналат, анткени гуманитардык, социалдык жана экономикалык цикл жана Математикалык цикл жогорку кесиптик билим тууралуу дипломдон кайра окулуп, окуу мөөнөтү эки жылга чейин жана алты айга чейин кыскарат. Окуу жылы кадимки практикадагыдай эки семестрге эмес, үчкө бөлүнөт. Бул окуу жүктөмүн бир калыпта бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет, бул ишти үзгүлтүккө учуратпастан тездетилген мөөнөттө өткөрүүдө маанилүү", - деп жазылат маалыматта.



