super.kg logo
  Саясат  

Орусияда 264 миң адам “кара тизмеге” кирүү коркунучунда турат

 

      Орусияда 264 миң адам “кара тизмеге” кирүү коркунучунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрдагы маалымат жыйынында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигиндеги статс-катчынын милдетин аткаруучу Доскул Бекмурзаев билдирди. 

                       

     Маалыматка ылайык, 2013-жылы Орусияга 367 миңден ашуун жаран барса, 240 миңден ашууну ал жактан кайтып келген. Ошондой эле Орусия Федерациясында 570 миңден ашуун кыргызстандык жаран бар, быйыл 2 миң 400 кыргызстандык аталган өлкөнүн жарандыгын алган. Мындан сырткары КМШ өлкөлөрү боюнча уруксатсыз 90 күн жүрүү  мөөнөтү аяктап бара жаткан жарандардын саны көбөйүп бараткандыгын кошумчалады. “Алар кыска мөөнөт ичинде каттоого туруп же патент алышы керек. Болбосо, алар административдик тартипти бузуучу катары “кара тизмеге" түшүп, ал жаран 3 жылдан 10 жылга чейинки убакытта ал өлкөгө кирүү укугунан ажырайт”, - деди Бекмурзаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: