Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 21-22-23-октябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мезгил-мезгили менен жаан жаап, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаашы күтүлөт.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 22-23-24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу;
Таласта түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3° күндүз 4…9° жылуу;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.





1 |