Бишкекте автокырсыкка себеп болгон унаадан баңгизаттары табылды
Бишкек шаарында авто кырсыкка себеп болгон автоунаадан баңгизаттары табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 19 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну, кырсыкка тиешеси бар Субару-Легаси автоунаасынын айдоочусу Байтик Баатыр көчөсүндө кырсык болгондон соң качып кетүүгө аракет кылган. Унаада андан тышкары 20 жаштагы Бишкектин тургуну да болгон. Кармалган унаада жалпысынан 42 граммдан ашык түрдүү баңгизаттары табылган. Учурда айдоочу жана окуя учурунда унаада болгон жаран кармалып, аларга кылмыш иши козголуп, сурак, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.