super.kg logo

Караколдо жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга кышка даярдык көрүү эскертилди

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга кышка даярдык көрүү эскертилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кезигүүнүн негизги максаты унааларды кышкы мезгилге даярдоо.

"Баарынан мурун унаанын техникалык абалына, жарык берүүчү жана терезе тазалоочу шаймандардын, электр зымдарынын, аккумулятордун зарядынын туура иштеп жатканына өзгөчө маани берилиши керек. Ошондой эле айдоочулар унааны кышында айдоо ыкмасына өздөрүн психологиялык жактан даярдаш керек. Күзгү-кышкы мезгилде жолдо жүрүүнү өзгөчө көӊүлгө алып, жол эрежесинин талаптарын кыйшаюсуз аткарууга милдеттүү. Унаалар арасында тийиштүү аралыкты сактап, катардан катарга тез которулуудан сак болуп, жол коопсуздугуна өзгөчө маани менен кайрылуу туура болот", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: