Тартип сактабаган троллейбустун айдоочуларына жаза берилет
Тартип бузган троллейбустун айдоочулары жазага тартылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек троллейбус башкармалыгында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жетекчиликтин жана айдоочулардын жолугушуусу өттү.
Жолугушуу учурунда алар борбордогу троллейбустардын ишин жакшыртуу боюнча маселелерди жана пландарды талкуулашкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында айдоочуларга жол эрежесин бузуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.