"Чек ара жаңжалынан соң 120 миллион сомго чукул каражат топтолгон". Акча кайда жумшалганы белгилүү болду








Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуядан кийин жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү иш-аракеттеринин жыйынтыгы айтылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпысынан 140 үй курулуп, 100 үй Лейлек районунун аймагында толугу менен бүтүп ээлерине тапшырылды.
Ал эми Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу дагы аяктоо алдында турат. Анын тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, үй ээлери көчүп киришкен. Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет.
Мындан сырткары президенттин демилгеси жана жеке ишкерлердин колдоосу менен каза болгон 36 эр азаматтардын жакындарын колдоо максатында 36 үй курулган.
"Чек арадагы орун алган окуядан соң Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө атайын эсеп ачылып, жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүүгө жалпы кыргыз элинен, жеке ишкерлерден, эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз жарандары тарабынан атайын эсепке 119 миллион 695 миң 848 сом топтолгон.
Бүгүнкү күндө анын 72 миллион 683 миң 164 сомуна Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан тендер жарыяланып, анын 52 миллион 98 миң 815 сомдук жумуш аткарылды. 20 миллион 584 миң 349 сомдук жумуш аткаруу алдында турат.
Ал эми ден соолугунан жабыр тарткан 16 жарандын дарылануусу жана чек арадагы айылдардагы 50 баланы эс алдырууга 1 миллион 799 миң 750 сом жумшалды.
Калган 65 миллион 847 миң 283 сом акча каражаты чек арадагы айылдардагы элден, айыл өкмөттөрдөн, район акимдеринин берген сунуштарынын негизинде Акылбек Жапаров баш болгон атайын комиссиянын чечимине ылайык жумшалат", - деп билдирди басма сөз катчы.






1 |