super.kg logo

Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайларга дем алыш күндөрү акча төлөнбөйт

 

Бишкек шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайлар майрам жана дем алыш күндөрү акысыз болот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш күндөрү саат 8:00дөн 20:00гө чейин муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа токтотуу баасы 25 сомду түзөт.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар төмөнкү даректе жайгашкан:

- Киев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бейшеналиева көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Токтогул көчөсүнүн Жаш Гвардиядан Ала-Арча дарыясындагы көпүрөгө чейинки бөлүгү;
- Кулиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
- Безымянная көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянная көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Сүйөркулов көчөсүндө (Ж-Пудовкин көчөсү);
- Юнусалиев көчөсүндө (Сүйөркулов көчөсү);
- Кулатов көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Исанов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ибраимов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Клубный чолок көчөсү (Сары-Озон базары);
-Курманжан-Датка көчөсүнүн Жибек-Жолудан Славянский чолок көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Токтогул көчөсүндө "Мото" соода борборунун жанында;
- Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бобулов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- "Мадина" базары (жаңы жол);
- Бөкөнбаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсмүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсүнүн Манас кең көчөсүнөн Керимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Эске салсак, операторлор "Бишкек унаа токтотуучу жайлары жана туруктары" ишкананын логотиби түшүрүлгөн атайын жилет кийип, жанында атайын төш белгилери бар, алар төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду бериши керек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: