super.kg logo

Руслан Казакбаев Азербайжандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисин кабыл алып, ыраазычылык билдирди

 

Бүгүн, 19-октябрда Руслан Казакбаев Азербайжандын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, дипломатиялык корпустун башчысы Гидаят Оруджевди дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-азербайжан мамилелери жогорку деңгээлде экендигин айтышты. Ошондой эле Азербайжандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарышты.

"Министр Руслан Казакбаев элчи Оруджевдин Кыргыз өлкөсү менен Азербайжандын ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоого кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

Ошол эле учурда элчи Оруджев Кыргыз өлкөсүндө дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн мезгилинде кыргыз тарап менен дайыма колдоо, түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу болгонун белгиледи.

Жакынкы жана ортоңку мезгилге карата эки тараптуу күн тартибиндеги милдеттер өзүнчө каралды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: