1207 адамга Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгы берилди. Көпчүлүгү этникалык кыргыздар
Президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, 1207 кишиге (820 - чоңдор жана 387 бала) Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгы берилди. Өлкөнүн жаңы жарандарынын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Ошондой эле президенттин дагы бир жарлыгы – 53 кишиге Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгынан чыгуу жөнүндө болду. Алардын 45и чоңдор жана 8 бала бар.
Жалпы 1260 адамдан (865 - чоң киши жана 395 - жаш балдар) арыз түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.