Бишкекте кыргыз-түрк маданий-гуманитардык байланыш маселелери талкууланды
Бүгүн, 19-октябрь күнү Кыргыз өлкөсүнүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Аны менен бирге маданият, маалымат жана жаштар чөйрөсүндөгү долбоордук иш-чаралардын динамикалуу өнүгүп жаткандыгын белгилешти.
Ошондой эле Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган эки элдин маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоо үчүн тийиштүү чараларды көрөрүн жана кызматташууга даяр экенин айтты.
Өз кезегинде Азамат Жаманкулов элчиге иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, тараптар мындан ары тыгыз кызматташууга ишенимин билдиришти.



