super.kg logo

Иштеги кемчиликтер үчүн. Оштогу муниципалдык кызматта кадрдык өзгөрүү орун алды

 
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Мухтар-Али Шамшиев берген арызына ылайык өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду.
Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басарынын милдеттери конкурс өткөнгө чейин убактылуу аталган башкармалыктын ижара бөлүмүнүн башчысы Эмил Туленбаевге жүктөлдү.
"Буга чейин Ош шаардык мэриясынын 2021-жылдын 30-сентябрында өткөн коллегиялык жыйынында муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдаланууну жетиштүү көзөмөлгө албаганы үчүн Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовго эскертүү, шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы А.Пирматовго сөгүш, иштеги кемчиликтери үчүн муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.Семетеевге катуу сөгүш берилген.
Ошондой эле орун басарларынын кызмат ордун кароо боюнча чечим кабыл алынган болчу", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: