"Жаназа сыяктуу". Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк көргөзмөдө боз үй, улуттук буюмдарын көрсөткөнү талкууда
Кыргыз өлкөсү "Экспо-2021" (дүйнөлүк) көргөзмөсүндө боз үй, улуттук буюмдар жана кийимдерди койду. Бул тууралуу жеке ишкер Асель Атабекова социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн мен "Экспо-2021" көргөзмөсүндө болдум. Посту аягына чейин окусаңыз өзүм үчүн, өлкө үчүн канчалык аянычтуу, таарынычтуу болгонун түшүнөсүз.
"Экспо" көргөзмөсү индустриялаштыруунун символу, техникалык жана технологиялык жетишкендиктерди көрсөтүү үчүн ачык аянтча. Ар бир мамлекет үчүн экономикалык жана саясий мааниге ээ болгон эл аралык көргөзмө.
Мен үчүн "Акылдуу шаарды" чөлдүн ортосунда көрүү, адегенде чексиз ырахат тартуулады. Бүткүл адамзаттын жетишкендиктерин жана келечекте ар кандай мамлекеттер кандайча өнүгөрүн көрсөткөн эң чоң көргөзмө. Ага 192 өлкө катышып, ар бири өзүнүн мыкты идеяларын жана технологияларын сунушташты", - деп жазган Атабекова.
Ошондой эле ал көргөзмөдө башка өлкөлөр кантип адамдарды таң калтыра алгандыгын жазган.
"Механика чуда" - Орусиянын аянтчасындагы (павильонундагы) мультимедиялык шоу. Экспозициянын негизги фокусу - адамдын мээси. Ааламдагы эң татаал жана эң сырдуу көрүнүш. Ири кинетикалык скульптура жана мультимедиялык долбоорлор биздин башыбыздагы нейрондордун кандайча иштерин түшүндүрөт.
*Кытай аянтчасы көргөзмөдөгү эң чоң павильондордун бири, алыстан асманга учуп бара жаткан фонарга окшош.
* Британдыктар уникалдуу жыгачтан жасалган структураны-поэзия эстелигин тартуулашты. Жасалма интеллект бир нече мүнөттө бир жаңы поэманы жаратты.
* Америкалыктар "SpaceX Falcon 9" космос кемесинин гигант көчүрмөсүн павильонунун кире беришине коюшту.
"Экспо-2021дин көбү экологиялык көйгөйлөргө жана ар бирибиз планетанын жыргалчылыгы үчүн эмне жасай аларыбызга багытталган.
Казак павильонунда узун кезекте турам. Мен алган таасиримди айтып бере албайм, коңшуларыбыздын эмне айткандарын жазам.
"Бизде чоң инвестициялык форум болот, ага казакстандык бизнестин эле эмес, дүйнөлүк бизнестин өкүлдөрү катышат. Жалпысынан 30дан ашуун иш-чараларды өткөрүү, аны менен катар конкреттүү келишимдерге жана меморандумдарга кол коюу пландаштырылууда. Ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн кошумча дивиденддерди алып келет!"
Эми мен биздин өлкөнүкүн көрүүгө бардым. Кире беришинде бир дагы жан жок. Залга кирип боз үйдү көрдүм! Жаназа сыяктуу! Кичинекей жана боз.
"Экспо-2021" акылдарды бириктирүү, келечекти жаратуу". Мындан ары жазуунун эч кажети жок деп ойлойм", - деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн павильону 1-октябрда башка өлкөлөр менен бирдей негизде эшигин ачкан. Ошондой эле алты ай ичинде көчмөндөрдүн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оргиналдуу маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын чагылдырган экспозицияны көрсөтүшү керек болгон.







1 |