Таэквондо боюнча Кыргызстан курама командасы 3 медаль утту
Түштүк Кореяда студенттер арасында өткөн Азия чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы 3 медаль менен кайтты. Бул тууралуу КРнын WTF-таэквондо федерациясынан билдиришти.
Федерациянын маалыматына таянсак, мелдешке дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 600гө жакын тоэквондочу катышкан. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 4 спортчу аттанган. Биринчи жолу өткөрүлүп жаткан студенттер арасындагы Азия чемпиондугунда Арген Ташанов (68 килограмм салмакта) күмүш, ал эми Эржан Исаев (58) жана Улук Мураталиев (54) коло медаль тагынышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.