super.kg logo

Нур-Султанга Манастын, Бишкекке Абай Кунанбаевдин айкелин орнотуу сүйлөшүлдү

 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, тараптар эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле эки өлкөнүн муниципалитеттеринин деңгээлинде түрдүү тармактардагы кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты. Казакстан Республикасынын элчиси Бишкек шаарынын мэриясына Казакстан Республикасынын маданият күндөрүн Бишкек шаарында өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Ал ошондой эле Нур-Султан шаарындагы Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүндө ар тараптуу жардам көрсөтөрүн белгиледи. Тараптар Бишкек шаарында казак акыны Абай Кунанбаевдин эстелигин жана Нур-Султан шаарында кыргыз эпосунун баатыры Манастын айкелин орнотууну талкуулашты. Алар эки өлкөнүн достук мамилелерин өнүктүрүү жана чыңдоо эки тарап үчүн тең маанилүү экенин белгилеп, мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдирди", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.10.2021. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кереги бар эле ушулардын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: