super.kg logo
  Саясат  

Депутат Атазов Момбековго: "Сиздин катарыңызда 5 жыл депутат болуп келген уурулар бар"

 

Жогорку Кеңеш бир ай шайлоочулар менен жолугушуу чечимин кабыл алышты. Анда бир топ депутаттар буга каршы болушту.

Депутат Рыскелди Момбеков бир ай депутаттар шайлоочулар менен жолугушуусу керектигин айтты. Токтом долбоорду артка кайтаруунун зарылчылыгы жоктугун билдирди.

Депутат Шайлообек Атазов: "Рыскелди Момбеков ага, былтыркы күз мезгилиндей болуп Атамбаевди аянтка жетелеп чыкпаңыз деп ушуну сунуштап жатабыз. Сиздин катарыңызда 5 жыл депутат болуп келген уурулар бар. Ошол ууруларды бир жылдан бери көрбөй жатабыз. Бир апта шайлоочулар менен иштейли. Министрлер кабинетине, президентке жардам берип туралы", - деди.

Рыскелди Момбеков: "Тоскоолдук жараткан жокмун. Төрага шайлоого катышып жатат, вице-спикерлердин бири шайлоого, бири БУУга кетип жатат. Төрага жок болсо ким алып барат? Палата иштебесе комитет, фракция иштебейт да. Маселени кайсы жакка алып чыгабыз? Мен буга каршымын, бири-бирибиздин атыбызды атабай эле коёлу. Төраганы шайлайлы анда", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: