super.kg logo

Май айынан бери чет өлкөдөн 95 Кыргыз жаранынын сөөгү өлкөгө алып келинди

 

Бүгүн, 20-октябрь күнү Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өтүүдө.

Анда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев чет өлкөдө каза тапкан Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып келүүгө кеткен бардык чыгымдар мамлекеттин эсебинен жабыларын билдирди.

Тактап айтканда, өкмөттүн апрель айындагы токтомуна ылайык каражаттардын суммасы сөөктү алып келген өлкөнүн географиялык жайгашышына карата бекитилген.

Мында репатриациялоого каражатты каза болгон жарандын жакын туугандарына берүү элчиликтер тарабынан же атайын маалыматтык-консультациялык борборлор тарабынан ыкчам жүзөгө ашырылууга тийиш.

Жаңы токтомго ылайык, ушул жылдын 15-майынан бери өлкөгө Орусия, Казакстан, Түркия, Италия сыяктуу өлкөлөрдө каза болгон кыргыздардын сөөгүн алып келүүдө 95 учур боюнча каражат төлөнүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: