super.kg logo

"Шагыл төгүп берип жатат". Нарында депутаттыкка талапкер атаандашынын үстүнөн БШКга арыз жазды

 

Жогорку Кеңешке шайлоого №33 Нарын округунан чыгып жаткан талапкер Чыңгыз Капаров Борбордук шайлоо комиссиясына ушул округдан талапкер Улан Бакасовдун үстүнөн арызданды. Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү тобунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Капаровдун айтымында талапкер Бакасов “үгүт иштерин эрте баштап, Эмгек-Талаа, Хутор, Ак-Кудук, 8-март, Шоро айылдарынын аймактарына шагыл төгүп жатканын айткан.

Ал эми Улан Бакасовдун расмий өкүлү Майрамбек Өмүрбаев Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

"Шайлоо өнөктүгү башталганга чейин эле өз көлөкөңүздөн өзүңүз коркуп, өзүңүздүн жердешиңиз Улан Бакасовду каралоодон баштаганыңызга жол болсун. Даттанууда айтылган Нарын районунун Нарын-8-март унаа жолун оңдоп-түзөө иштерин Улан Бакасов эмес, №8 жол тейлөө мекемеси жасап жатат. Арызданганга чейин алгач барып айыл элинен бир маалымат сурап, аныгын тактап, андан соң жалаа жапсаңыз жигиттик болмок", - деп жазылат билдирүүдө.

БШК иликтөө жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине маалымат жөнөтүлгөнүн кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: