"Каражат алууну жоюуну тапшырды". Эдил Байсалов Ош облусундагы китепканага барды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Ош облусунда жүрөт. Аталган мекемеден кабарлашкандай, Байсалов жумушчу сапарынын жүрүшүндө региондогу социалдык-маданий объектилердин иши менен таанышты.
Ал Нариман айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, медициналык тейлөө көрсөтүүнүн сапаты, стоматологиялык пункттун иши жана калкты коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоонун жүрүшү менен кабардар болду.
Андан соң Эдил Байсалов Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына барып кардарлардан каражат алууну жоюуну тапшырды.
"Билим алууну каалаган бардык жарандарга тийиштүү шарттарды түзүү зарыл. Жаңы министрлер кабинети ал үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алат. Ар бир китепкана эскирген китептерге гана эмес, тийиштүү маалыматты камтыган заманбап материалдарга ээ болуусу керек.
Мындан ары китепкана кызматтары акысыз болушу керек. Китепкана - билимдин булагы. Бул жерде биз жаштарга, жалпы эле жарандарга керектүү шарттарды түзүшүбүз керек. Китепкана көрсөтүп жаткан кызматтар үчүн акы республиканын бир дагы китепканаларында алынбашы керек", - деп баса белгиледи Байсалов.
Эдил Байсалов Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, бейтаптарды кабыл алууну санариптештирүү, коронавируска каршы эмдөө, материалдык-техникалык базалар менен таанышты.






1 |