Парламентте Сулайманкул Атакулов, Тыныбек Бекешов, Аида Сейдакматова Жогорку Соттун судьялыгына шайланышты
Бүгүн, 20-октябрда парламент жыйынында Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлгөн Сулайманкул Атакуловдун, Тыныбек Бекешов, Аида Сейдакматованын талапкерлиги каралды.
Аларды депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов тааныштырды.
Жабык электрондук добуш берүү жыйынтыгында депутаттар аларды шайлашты.
Жаңыдан шайланган судьялар парламентте ант берип, расмий түрдө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти.
Жогорку Соттун судьясы парламентте ант берген соң расмий түрдө өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.