Өлкөдө 4 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү курулууда
Бүгүн, 20-октябрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы 9 айындагы иштеринин жыйынтыгы туурасында маалымат жыйын өтүүдө.
Анда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов Азия өнүктүрүү банкынын "Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсык коркунучтарына суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоорунун алкагында 81 даана оор инженердик техникалар министрликтин унаа паркын толтургандыгын билдирди.
Андан сырткары Кыргыз өлкөсүнүн өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн потенциалын жогорулатуу менен калктын өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу максатында ПРООНдун долбоорунун алкагында KOICA менен биргеликте 4 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү курулууда. Алар Чолпон-Ата шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Бишкек жана Ош шаарларында.
"Курулуш иштери ушул жылдын биринчи жарымында башталып, 2022-жылдын биринчи жарымында бүткөрүлөт. Ал эми Бишкекте өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулушу октябрь айынын аягында аяктайт", - деди Ахматов.



