Бишкекте мектеп окуучусу коомдук унаада уктап кетип адашып кеткен

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланы үйүнө жеткирип беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 20-октябрь күнү болжол менен саат 9:30 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына "Ош базарында" бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2012-жылы туулган Т.С. аттуу бала Теңдик жаңы конушунан окуу курсуна бара жатып, 176-маршруттук унаада уктап калып, "Ош базарына" кетип калган. Ал жерден башка жарандар адашып жүргөндүгүн көрүп, "102" кызматына кабарлаган.
Кызматкерлер баланын жашаган дарегин окуган мектеби аркылуу аныктап, ата-энесине аман-эсен жеткирип беришкен. Өз кезегинде ата-энеси кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.



