"Адам өмүрүнө коркунуч жаратат". Таластагы убактылуу кармоочу жайдагылардын көйгөйү жаздан бери чечиле элек




Талас облусундагы убактылуу кармоочу жайда алдын ала текшерүү жүргүзүлүп, көптөгөн мыйзам бузуулар бар экендигин аныкталды. Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун маалыматына караганда камактагылардан бир катар даттануулар түшкөн.
Улуттук борбордун облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине абактагылар нымдуулукка, кир төшөнчүлөргө, керебеттердин жана жууркан-төшөктүн жоктугуна даттанышкан. Текшерүү учурунда убактылуу кармоочу жайдын жуунуучу бөлмөсү иштен чыкканы, душ бөлмөлөрү начар абалда (кафелдер сынып, крандары жулунган), колго жасалган суу жылыткычтар техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербегендиги, аны колдонууда адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн экендиги аныкталды. Санитардык эрежелер сакталган эмес.
"Бардык мыйзам бузуулар системалуу, кыйноо жана адамдык кадыр-баркты басмырлоочу мамиле катары кабыл алынууга тийиш", - деп белгилеген аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Нурлан Абдыраимов.
Анын айтымында, ушул жылдын 14-апрелинде жабык мекемеде аталган көйгөйлөр боюнча буга чейин облустук прокуратурага кайрылуу жөнөтүлгөн. Көзөмөлдөөчү орган убактылуу кармоочу жайдагы мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тапшырма берген, бирок баары өзгөрүүсүз калган.
Акыркы иш сапардын жыйынтыгына ылайык, мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, ал дагы Талас облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.