super.kg logo

УКМК: "Айыл-чарба азыктарын экспорттоо багытында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо иштери улантылууда"

 

Айыл-чарба азыктарын экспорттоо багытында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо иштери улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттин айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол-жоболоруна анализ жүргүзүлүп, анын натыйжасында айыл-чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган.

Мындай иш-аракеттердин жыйынтыгында, айыл-чарба өндүрүүчүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктардын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Н. кармалды.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын райондук соту кармалган адамга тергөө мөөнөтүнө карата баш коргоо чарасын карайт.

УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: