Милициянын кайгуул кызматы курсанттарга техникалык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү



Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда билим алган курсанттарга жолугуп, “Транспорт каражаттардын техникалык коопсуздугу” аталышында ачык сабак өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда курсанттар аскер техникалар менен иштешүүдө же аларды окуп үйрөнүүнү практика жүзүндө көрсөттү.
"Коопсуздук эрежелерин сактоо керек экендиги, эртең менен транспорт каражаттарына отурууда алардын техникалык абалына көз чаптырып, техникалык абалын дайыма оң абалда кармап туруу зарыл экендигин белгилешти.
Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолуп, курсанттарга Куралдуу күчтөрүнүн ички жана тартиптик уставдары, ошондой эле Жоруктар жана бузуулар кодекстеринин талаптарын аткаруу багытында ой-пикирлер айтылды", - деп жазылат маалыматта.



