Жалпы 140 адам кайрылды. Сузактагы сүннөт тойдо уулангандардын арасында кош бойлуулар, наристе, өспүрүмдөр да бар
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүннөт тойдон кийин массалык уулануу катталып, 100дөн ашуун адам медициналык мекемеге кайрылышкан. 10 күн аралыгында жалпы 140 адам дарыгерлерге кайрылып, анын 30у ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору тарабынан белгилүү болду.
"10-октябрдан 18-октябрга чейинки аралыкта жалпы 140 адам кайрылса, 30 бейтап стационардык дарылануу үчүн ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жиберилген. Бейтапканада жаткандардын ичинен 5 жашка чейинки 1 бала, 14 жашка чейинки балдар - 8, аялдар - 9, кош бойлуу аялдар - 2, эркектер - 7. Бүгүнкү күндө 19 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылса, калган 11 бейтап дарылануусун Сузак райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүндө улантууда.
Ал эми амбулатордук дарылануудагы жарандар үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп белгиледи.
Азырынча дайындалган лаборатордук экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин кошумчалады министрликтин аймактагы координатору.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-октябрда сүннөт той өтүп, андан кийин Бек-Абад айылынын 60 тургуну аймактык ооруканага барышканы кабарланган. Алардын ичинен бешөө алдын ала коюлган уулануу диагнозу менен ооруканага жаткырылганы айтылган. Кийинчерээк кайрылгандардын саны 124 экени, 16 жаран ооруканага түшүп калганы белгиленген.





1 |