super.kg logo

"Мындан ары кино жаатында иштейт деп ойлогом". Орусиялык тасмада роль жараткан кыргыз жигитин режиссёр издеп жатат

 

Орусиялык "На близком расстоянии" тасмасында роль жараткан, курьердик кызматта иштеген Кайратбек Нурбол уулу аттуу Кыргыз жаранын режиссёр издеп жатат. Бул тууралуу тасманын режиссёру Григорий Добрыгин "Вечерний Ургант" берүүсүнүн эфиринде билдирди.

Жарыяланган видеодо Кайратбекти режиссёр курьердик кызматтан таап алганын айткан.

"Мага тамак-аш ташыган фирмага ишке орношкон убакта курьерлер менен баарлашууга мүмкүнчүлүк ачылган. Ал чатта үч миңге жакын кызматкер бар. Андан курьерлердин аватарын карап, тасмага тартууга ылайыктуусун издедим. Алгач Кайратбек Нурбол уулун көргөндө дароо ошол адам керек экенин түшүндүм. Мен агенттен Нурбол уулуна байланышуусун сурандым. Ал дароо жооп берген жок, акыры жолуктук.

Тилекке каршы, биз тасма тартылып бүткөн соң Кайратбек менен байланышка чыга албай жатабыз. Бул берүүнү ал өзү же үй-бүлөсүнөн кимдир-бирөө көрүп жатат деген үмүттөмүн", - дейт ал.

Ал эми тасмада башкы ролду аткарган белгилүү орус актрисасы Ксения Раппопорт төмөнкүлөргө токтолгон.

"Кайратбек өзүн тажрыйбалуу актёр катары алып жүрдү. Мен аны мындан ары кино жаатында иштейт деп ойлогом"

Белгилей кетсек, аталган тасма алгач "Кинотавр-2021" сынагында көрсөтүлгөн. Ал эми 2021-жылдын 28-октябрында көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.







Орусиялык тасмада роль жараткан кыргыз жигитин режиссёр издеп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.10.2021. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздуу бала экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: