super.kg logo

"Айсулуу, Мээрим сыяктуу элимдин сыймыгы болуп калдым". Орусиянын "Кондитер" теледолбоорунун жеңүүчүсү менен маек

 

Мекендешибиз Анара Мурзакулова орусиялык "Кондитер" теледолбоорунун юбилейлик 5-сезонунун жеңүүчүсү аталып, 1 миллион рублга ээ болду. Бүгүн жалпы кыргыз эли мекендешибиздин ийгилигине кубанып, аны менен сыймыктанып жаткан учурубуз. SUPER.KG порталы Анара айым менен маек курдук.

- Сизди куттуктайбыз! Жеңиштен кийинки куттуктагандар көп болуп жатса керек?

- Ооба, жеңиштен кийинки сезимдер да жакшы. Аябай кубанычтамын. Бир гана мен эмес, бүткүл тууган-уруктарым, кыргыз эли кубанып жатышат. Баары жазып, чалып куттукташууда. Бул менин гана жеңишим эмес жалпы Кыргыз өлкөсүнүн жеңиши.

Кудайга чексиз шүгүрлөр болсун. Кудай бизди ушундай жакшы ийгиликтерге жеткизип жатат. Мисалы, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова өңдүү балбандарыбыз жеңишке жетишип келе жатышат. Мен дагы алардын катарында кыргыз элимдин сыймыгы болуп калдым деген сезимдер менен отурган кезим.

- Жеңишке жетем деп ойлодуңуз беле?

- Чынын айтсам утам деген ойдо болгон эмесмин. Бирок кулагыма дайыма "Анара, Анара" деген сөз угулуп жатты. Анткени финалга чыкканымдагы "Анара" деген сөз кулагымда калыптыр. Ренат Агзамовду (ред: белгилүү орусиялык кондитер) көргөн сайын эле кулагыма "Анара, Анара" деп угула берди. Мен үчүн супер финалга чыкканым дагы жеңиш. Миллион рубль, наам меники болот деген ойдо барган эмесмин. Анын ордуна корктум, жолдошум билет. Ал дайыма жанымда болду. Бирок тартуу учурунда аны киргизишкен жок.

- Жеңишиңизди кимге арнайсыз?

- Жеңишимди, албетте, Кыргыз өлкөмө арнайм. Андан кийин ата-энем, жолдошум, кайната-кайненеме, бир туугандарым, жолдошумдун бир туугандары арнайм. Анткени биз экөөбүз тең үйдүн эң чоңубуз. Алар бизди максат кылып, төрөлгөнүбүздөн баштап бизге ийгилик каалап батасын берип, бизди жакшы тарбиялап өстүргөн.

Акыркы жолу 2020-жылы Мавлид кечесине Чубак Жалилов (анда тирүү болчу), Абдишүкүр Нарматов, Максат Токтомушев, Садыбакас Доолов келген. Биз алардын дасторконуна кызмат кылганыбыз үчүн алардын батасы тийди окшойт.

- Миллион рублду кайсы жакка жумшаганы жатасыз?

- Миллион рублду биринчи Кудай жолуна, андан кийин кыргыз кыздарын жакшы иштерге орноштуруу максатында өзүмдүн чоң студиямды ачып жатам. Ошол ишимди өнүктүрүүгө жумшайм. Ал жакта профессионал кылып үйрөтүү үчүн атайын шарт түзөйүн деп жатам. Кыргыздын кыздары бизден үйрөнүп, башка чоң фабрикаларга ишке кириши керек.

- Долбоорго кандайча катышып калдыңыз?

- Бул долбоорго катышып калганымдын себеби Ренат Агзамов өзү себепкер болду. Анткени ал адамдын жасаган тортунун сүрөтүн менин бир кардарым ушундай торт жасап бер деп жөнөтүп калды. Мен ал торттун сүрөтүнөн Агзамовдун логотибин көрүп интернеттен издеп көрдүм. Сайтынан ал кишинин тортторун көрүп, ал адамдан мотивация алдым. Көрсө ал адам Орусияда жана дүйнөдө торттун "ханзаадасы" экен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(10)
20.10.2021. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Куттуктайм.
20.10.2021. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бир нерсе утсаңар эле Кыргызстандын сыймыгы дей калат экенсиңерда. Мен эч кандай сыймыктанууну көрбөй элемин. Өзүң үчүн уттуң. Сага окшогондор толтурада.

Сен эл мактасын, өзүңдү өзүң мактаганың эң төмөндүгүң.
KG-312 түзөттү 2021-10-20 19:52:09
20.10.2021. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
KG-312,ТИП экенсин мындайча айтканда...
20.10.2021. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
KG-312,ийгилик каалап кой,ичи тардык кылбай,Кыргыздын эң жаман сапаты ичи тардык,ошон үчүн дагы өнүкпөйбүз
20.10.2021. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм бирок Айсулуу,Мээримге теңебең озунузду.(кечиресиз)Алардын орду совсем башка биз учун.
20.10.2021. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеңишти элге арнасаң уткан акчадан зекет берип кой жетим жесирлерге эжекеси
21.10.2021. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
KaGaH,өзү билет.
20.10.2021. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чекден эле акылдуусунарда колунан келеби кыл сен дагы келбейби кысчуу жерини кысып отура бер,жакшы соз деле жаман соз деле бир ооздон чыгатго иченерге ит олуп калатда
20.10.2021. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Boru-89,аял болсоң жаман ажаал аял болмоксуң,сразу беттен алган
21.10.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Куттуктайм чын жүрөктөн! Кандай сонун жеңиш! Сонун таланттуу инсандарыбыз бар арабызда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: