super.kg logo

"Аксакалдар балбан кызга каалоо-тилектерин айтып, бата беришти". Айсулуу Тыныбекова кичи мекени Кочкорго барды

 
Олимпиадада күмүш медалдын ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кичи мекени Кочкор районуна барды. Анда ага аким Курманбек Камчыев ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 20-октябрда Айсулуу Тыныбекова кичи мекени Кочкор районуна жеке машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен барган.
Балбан кызды Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Курманбек Камчыев райондун активдери менен тосуп алды. Курбанбек Камчыев Айсулууга, машыктыруучусуна жана ата-энесине ыраазычылык билдирип, Айсулууга Кочкор районунун жана Нарын облусунун ардактуу атуулу наамын тапшырды. Ал эми агайы Нурбек Изабековго да ардактуу атуул наамын тапшырып, машыктыруучу менен балбан кызга акчалай белек берилди. Ал эми Айсулуунун атасы Болот Тыныбеков менен апасы Гүлнара Тыныбековага ыраазычылык кат, белек берилди.
Айсулуу өз сөзүндө айылдаштары аны ар дайым колдоп келерин айтып, бүгүнкү райондун жетекчисинин чакыруусуна өзгөчө ыраазычылык билдирди. Айсулуунун ийгилигине бата алуу максатында райондук бийлик дасторкон жайып, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулады. Келген аксакалдар балбан кызга каалоо-тилектерин айтышып, бата беришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: