Эдил Байсалов Ошто. Музыкалык мектептин окутуучулары эмгек шарттары жана айлык акылары боюнча маселе көтөрүштү



Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов Ош облусундагы С.Бекмуратов атындагы №1 Ош шаардык балдар музыкалык мектебине барып, анда окутуучу курам менен пикир алышып, мекемедеги актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун катышуучулары эмгек шарты жана айлык акы маселесин көтөрдү.
Андан соң Эдил Байсалов Ош шаардык балдар жугуштуу ооруканасына барып, учурда кызыл зона катары пайдаланылып жаткан тез тургузулуучу конструкциялардан курулган 100 орунга эсептелген жаңы корпусту көрдү.
"Мекеменин кызматкерлери лабораториялар, рентген-кабинеттер, администрация, кир жуучу жай жана тамак-аш блогу үчүн имарат зарыл экендигин билдиришти. Эдил Байсалов альтернатива иретинде бош аянтта беш кабаттуу имарат курууну сунуштады", - деп жазылат маалыматта.



