super.kg logo

Партиялар парламенттик шайлоого 1 046 талапкерди көрсөттү. Алардын 377си аял

 

Саясий партиялар парламенттик шайлоого 1 046 талапкерди көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүү аяктаганы жазылат.

Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин көрсөтө алат. Бул учурда ал төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга тийиш:

  • бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
  • 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

"БШК талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөндөн кийин анын курамы жана андагы талапкерлердин жайгашуу тартиби өзгөртүлбөйт. Талапкер талапкерлердин тизмесинен чыгып кеткен учурда мурунку талапкердин номери башка талапкер тарабынан толукталбайт", - деп жазылат маалыматта.

Тизмелерди 21 саясий партия көрсөттү. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 1 046.

Алардын ичинен:

  • эркек - 669;
  • аял - 377;
  • майыптыгы бар талапкерлердин саны – 46;
  • башка улуттун өкүлдөрү -189;
  • 267 талапкердин жаш курагы 35тен ашпайт.
2021-жылдын 29-октябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтердин мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүдөн өткөрөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: