Бишкек ЖЭБине казакстандык компания ташый турган көмүрдүн өзгөчөлүгүн Азиз Алиев түшүндүрдү
20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында күз-кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу маселе каралды. Анда депутат Наталья Никитенко Бишкек ЖЭБине көмүр ташый турган казакстандык "Hampton Resources Limited" компаниясына кызыкты.
Анын айтымында, аталган компания Жаңы Зеландияда катталып, кеңсеси Лондондо жайгашкан. Ошондой эле алгач компанияны тыкыр көзөмөлдөн өткөрүү зарылдыгын кошумчалаган.
"Министрлер кабинети мындай чечимди кабыл алууда Ачык акционердик коомдорду чакырып, чогулуш өткөрүү керек эле. Бул тууралуу эч кандай маалыматым жок.
"КО" маркасындагы көмүр концентраты экологияга зыяны аз деп жатышат. Бирок мен экологдор менен сүйлөштүм. Алар аталган маркадагы көмүрдү табиятка зыяны чоң экендигин билдиришти.
Аталган компания Жаңы Зеландияда катталып, кеңсеси Лондондо жайгашкан. Алгач компанияны тыкыр көзөмөлдөн өткөрүү зарыл.
ЖЭБ стратегиялык объект", - деди депутат.
Буга министрлер кабинетинин орун басары Азиз Алиев түшүндүрмө берди.
"Токтомго ылайык, казакстандык "Hampton Resources Limited" компаниясы ЖЭБдин эски от казанына Караганда облусунан байытылган көмүрдү ташыйт. Бизде от казандар экиге бөлүнөт. Бири жаңы, экинчисы эски. 15 эски от казан бар. Алар башынан эле Карганда көмүрүн жагууга ылайыкталып курулган. Калгандары Кара-Кеченин көмүрүнө.
Аталган компания жеткирүү кызматын аткарат.
Компания менен түзүлгөн келишимдин максаты ЖЭБде электр энергиясын иштеп чыгуунунун өздүк наркын 1,7 сомго, жылуулуктун бир гигакалорийин 900 сомдук деңгээлге түшүрүү болуп эсептелет.
Караганда көмүрү бизге алда канча арзан түшүп, аны үнөмдөөгө шарт түзүп берет. Учурда бул боюнча техникалык деталдары тууралуу иштер жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди Алиев.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Наталья Никитенко казакстандык "Hampton Resources Limited" компаниясы Бишкек ЖЭБине Караганда облусунан көмүр жеткирүү менен алектенүү үчүн "Электр станциялары" ишканасы менен келишим түзөрүн айтып чыгып, министрлер кабинетинин буйругунун сүрөтүн жарыя кылган.
Ал эми президенттин аппараты "Hampton Resources Limited" ишканасы менен келишим түзүшү керек" делген министрлер кабинетинин жарыяланган тескемесине байланыштуу түшүндүрмө берген.



