super.kg logo

Ош облусунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо 8-ноябрга дайындалды

 

БШК Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоону дайындады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо 8-ноябрда саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын 13-октябрдагы буйругу менен Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтомуна ылайык бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: