super.kg logo

Караколдо өз инисин бычактаган жаран кармалды

 

 Кечээ, 10-ноябрда кечки саат 20:10дордо  Караколдогу  шаардык  ички иштер бөлүмүнө  Тыныстанов көчөсүндөгү  үй-бүлөлүк  жатаканадан маалымат келип түшкөн. Чалган адам жатакана жашоочуларынын бири бычакталганын кабарлаган. Бул тууралуу  бүгүн, 11-ноябрда   Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

                   

Аталган кырсык Ысык-Көл облусундагы  Тыныстанов көчөсүндөгү жатаканада болгон.   Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында төрөлгөн бир тууган ага-инилер мас абалында сүйлөшүп жатып, чырдаша кеткен. Натыйжада   бир туугандардын улуусу  (1972-жылкы)   ашкана  бычагы менен 1986-жылкы инисин жүрөк жана моюн тушка сайган.

                        

Бычак жеген  иниси ооруканада алган жараатынан улам каза тапкан.  Кырсык болгон жерге келген   оперативдүү топ  өлтүрүүгө колдонгон бычакты табышкан.   Изин жашырып кетүүгө аракет кылган  шектелүүчү изи сууй электе кармалып, Караколдун убактылуу камак жайына  киргизилген. 

     Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
11.11.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай колу барды экен, озунун инисине.
11.11.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактын айынан баардыгы, ичип атып муйуз чыктыбы инисин жутуп тынды...
11.11.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта заманыбыз эмне болуп баратат
11.11.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымак, ырк кетти элден.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: