super.kg logo

Курч респиратордук вирустук жугуштуу инфекцияларды жана пневмония жуктуруп алган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылат

 

Курч респиратордук вирустук жугуштуу ооруларды жана өпкө кагынуусун жуктуруп алган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курч респиратордук вирустук инфекциялардын сезондук эпидемиясынын күчөшүнө байланыштуу жана балдарга медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү үчүн, курч респиратордук вирустук инфекциялар, аныкталбаган этиологиядагы пневмония менен ооруган балдарды тез ооруканага жаткыруу үчүн Республикалык диагностикалык борбордун базасында убактылуу жугуштуу оорукана жайгаштырылат. Убактылуу ооруканага орточо оор абалдагы балдар жөнөтүлөт.

КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиологиялык күчөгөн мезгилинде Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлору дем алыш күндөрү да иштейт.

Сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19дун алдын алуу эрежелери бирдей. Гигиенанын эң жөнөкөй эрежелерин сактоого чакырышты:

  • колду тез-тез жууп, антисептикалык каражаттарды колдонуу;
  • бет кап кийүү;
  • эл көп чогулган жерлерден алыс болуу;
  • сасык тумоого жана COVID-19га каршы эмдөө алуу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: