super.kg logo

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кореяда өтүп жаткан саммитке катышууда

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Корея Республикасынын борбор шаары Сеулда “Заманбап шарттарда полициялардын өнөктөштүгү” аттуу темада өтүүчү полициялардын жетекчилеринин эл аралык саммитине катышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган саммит заманбап шартта дүйнө коопсуздугун камсыздоо боюнча ар кайсы мамлекеттердин полицияларынын жетекчилеринин ой-пикирлерин жана алдыңкы тажрыйбаларын алмашуу максатында Корея Республикасынын полиция улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган.

Аталган саммиттин алкагында Ички иштер министрлигинин жетекчиси Улан Ниязбеков, Корея Республикасынын полициясынын генералдык комиссары Ким Чанг Ёнг жана башка мамлекеттердин полицияларынын жетекчилеринин катышуусунда «Korea Police World Expo» полициялардын кийиминин үлгүлөрүнүн көргөзмөсү болуп өтүп, Корея полициясынын материалдык-техникалык жабдыктары менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: