super.kg logo

Токмок шаарында бүгүндөн тартып жылуулук бериле баштады

 

Токмок шаарында бүгүн, 21-октябрдан тартып турак үйлөргө, мекемелерге жылуулук бериле баштады. Бул туурасында аталган шаардын мэриясынан кабарлашты.

Мекеменин билдирүүсүндө бүгүндөн баштап абанын температурасынын олуттуу төмөндөшү күтүлүүдө, андыктан "Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы" филиалы жылытуу мезгилин баштады деп айтылат.

"Тез жардам командалары шаардын айланасында нөөмөттө болушат. Үйлөрдүн үстүңкү кабаттарынын жылытуучу түзүлүштөрүндө жайгашкан крандар аркылуу жылытуу системинен абаны чыгаруу зарыл экенин эскертебиз. Бул шаардыктардын батирлерине жылуулук берүү процессин тездетет", - деп айтылат билдирүүдө.

Эгерде авариялык абал жаралса, "Тез жардам" кызматына төмөнкү телефон аркылуу кабарлашыңыз. Байланыш номерлери: 0557 557 812, 0557 557 210.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: