super.kg logo

Кийинки жылы чек арачылардын айлыгын жогорулатуу пландалууда

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчысы Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин техникаларды алышы менен куттуктады. Ошондой эле жарандардын, өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттик чек араларды коргоо үчүн Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Эгерде чек ара тынч болсо, ал коргоодо болсо анда жарандар тынч уктай алышат. Эгерде чек ара алсырап, чек арачылар керектүү материалдык-техникалык жактан камсыздалбаса, анда өлкөдөгү стабилдүүлүк жөнүндө айтууга болбойт. Ар бир мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу чек араны коргоодон башталат", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Президент Куралдуу күчтөрүнүн техникасына инвентаризация жүргүзүлгөнүн, жарактан чыккан техникалардын баары келерки жазда жаңыртыларын баса белгиледи.

"Бул жаңжалга даярдык эмес, биздин өлкөнүн коопсуздугун сактоого даярдык. 30 жылдын ичинде биз эч качан эч ким менен чыр-чатак баштаган эмеспиз, колубузда курал менен чет өлкөлүк аймактарды басып алган эмеспиз. Келечекте дагы мындай болбойт. Бирок эгерде биздин аймактарды басып алуу аракеттери болсо, анда жооп катаал болот", - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров келерки жылы чек арачылардын айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын кошумчалады.

"Мамлекет аскер кызматкерлерин татыктуу эмгек акы менен камсыз кылууга милдеттенет. Сиздердин милдет - жарандарыбыздын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыз кылуу", - деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.10.2021. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көтөргүлөда, болбосо постто отуруп алып элди соро беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: