Наркы 55 миллион сомдон көп. Лейлектин Кулунду айылындагы бала бакча курулушунун 75 пайызы бүткөрүлдү







Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы бала бакчанын курулушу 75 пайызы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинен билдиришти.
Маалыматта аталган бала бакчанын курулушу 2019-жылы башталганы жазылат.
Эки кабаттуу жаңы бала бакчанын жалпы аянты 1336 чарчы метрди түзүп, 140 орунга эсептелген.
"Объектиде негизги курулуш жумуштары аягына чыкты, электр менен камсыздоо тармагы, жылытуу тармагы орнотулуп бүттү, суу менен камсыздоо жана канализация түтүктөрүн орнотуу толугу менен бүткөрүлдү.
Подряддык уюм тарабынан жыгач полдорду орнотуу, керамикалык плитка менен жабуу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Майлап-сырдоого даярдыктар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 55 миллион 222 миң 300 сомду түзөт. Быйылкы жылы бүткөрүү үчүн 36 миллион 818 миң сом бөлүнгөн. Объекти 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүү жана колдонууга берүү пландаштырылууда.






1 |