"Аябай кеч келген. Тез арада операция керек". Элхан кайсы жакта дарыланат?

Омурткасы кыйшык өскөн 12 жаштагы Элхан Кубатбеков эсиңиздеби? Алгач коомчулукка өспүрүм тууралуу видеолор жарыяланып, андан соң "Кайрымдуу бол" фонду коомчулуктан жардам сурап кайрылып, 40 миң доллар акча каражатын чогултуп, алгач Индияга алып барган. Ал жактан дарыгерлер кеч келгендигин жана 50 пайыз кепилдик бар экендигин, бирок балага тез арада сөзсүз операция жасоо керектигин айтышкан. Ошондой эле омуртканы түздөөдө баланын бою өскөн сайын кошо узара бере турган механизм коюла тургандыгын билдирген. Бирок Элхандын ата-энеси Түркиядагы да дарыгерлерге көрсөтүүнү каалашкан.
Коомчулукка жана Элхандын операциясы үчүн жардамга колун сунган кайрымдуу адамдарга так жана туура маалымат берүү максатында "Кайрымдуу бол" фондунун сунушу менен SUPER.KG порталы дагы маалыматтык колдоо максатында Түркияга барып келди.
Түркияда Элхан эң күчтүү деп эсептелген профессор, докторлордун кабылдамасында болуп, текшерүүдөн өттү. Негизинен ар бир дарыгердин кабылдамасына жазылуу үчүн 100 доллардан төлөө зарыл. Бирок Элхан түзмө-түз сүйлөшүүлөрдөн улам акысыз көрүнүп жатты. Буга ал жакта медицина жаатында иштеп, окуп жаткан дарыгер Нурсейит Мамыровдун эмгеги чоң.
Түркияда да бир нече дарыгер Элхандын кеч келгендигинен оор операция жасаларын айтышып, операция жасабай коюу да мүмкүн эмес экендигин баса белгилешти. Ошондой эле операция акысы Индиядан бир нече эсе кымбат болорун жана омуртканы түздөө учурунда коюлган механизм Элхандын боюнун өсүшүн токтотуп коёрун да айтышты.
Учурда Элхан Бишкекте, алгач баланын ата-энеси уулуна Түркияда операция жасатуу чечимин чыгарып, кайра андан баш тартып, Кыргыз өлкөсүнө келе берген. Дарыгерлер албетте толугу менен кепилдик берген жок. Ошентсе да операция кылуу зарылдыгы бар экендигин, болбосо баланын өмүрүнө коркунуч келерин баса белгилешкен. Алдыда Элхандын ата-энеси кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз.
Омурткасы кыйшык өксөн Элхан Индия жана Түркияга барып келди




1 |