Равшан Жээнбеков дагы бир жолу медициналык көзөмөлдөн өтөт
Буга чейин Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап, медициналык көзөмөлдөн өтүп жатканын уулу Азат Равшан тарабынан тастыкталганы кабарланган. Бул боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына байланышканыбызда, учурда саясатчынын абалы жакшы экенин айтышты.
"Равшан Жээнбековдун абалы канааттандырарлык. Диагнозун аныктоо үчүн жеке клиникаларга барып анализ тапшырган. Дагы бир текшерүүдөн өткөрүү пландалып жатат.
Эгер дарыгерлер сунуштаса, ал тийиштүү дарылануудан өтөт", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Маалымат үчүн:
Белгилей кетсек, 5-августта Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 2 айга камакка алынган. Баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү Кой-Таш окуясына байланыштуу экендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген.
Ошондой эле саясатчы бир мандаттуу округдан шайлоого аттануу үчүн кароол менен келип Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.