super.kg logo

Садыр Жапаров Пакистанда жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу өкмөт башчыга көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Ханга жер титирөө учурунда адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Белуджистан провинциясынын Харнай районундагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз өлкөсүнүн элинин жана жеке өзүмдүн атымдан табигый кырсыктан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, буга чейин Пакистандын Белужистан провинциясында катуу жер титирөө катталып, кеминде 20 адам каза болуп, 300дөй адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: