Баткен облусу өзгөчө статус алганы үчүн жыл сайын 500 миллион сом бөлүнөт
Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде 25 районго 700 миллион сом бөлүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын айтты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анын айтымында, региондордо облустук жана райондук маанидеги жаңы өнүктүрүү фонддору түзүлүп, алардын финансылык абалын чыңдоого көңүл бурулат.
"Бул максатта республикалык бюджетте 1 миллиард 3 миллион сом каралган. Мындан тышкары 25 районго 700 миллион сом бөлүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Натыйжада ар бир айыл өкмөтүн өнүктүрүүгө 4-5 миллион сомго жакын каражат багытталат. Райондук маанидеги 18 шаарга 30дан 500 миллион сомго чейинки каражат бөлүнөт.
Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу жыл сайын 500 миллион сом бөлүнөт, ошондой эле Нарын облусуна болжол менен 500 миллион сом бөлүнөт", - деди Акылбек Жапаров.
Мындан тышкары бөлүнгөн каражаттын 20 пайызы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө, 20 пайызы социалдык долбоорлорго жана 60 пайызы экономикалык долбоорлорго багытталышы тийиш.



