super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди

 

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, чектөө 21-октябрда саат 19:00дөн баштап киргизилген.

"Учурда жолдун ашуу тилкелеринде жолдун жүрүүчү бөлүгүн тазалап, кум төгүлүүдө. Төө-Ашуу ашуусунда кардын калыңдыгы 10-15 сантиметр, Ала-Бел ашуусунда 20-25 сантиметрди түзөт. Кар жаап жатат.

Бардык керектүү техникалар тартылган, транспорттордун ашуулардан коопсуз өтүүсү үчүн инерттик материалдар кошулууда. Биз айдоочуларды унаанын дөңгөлөктөрүндө чынжыр тагууга, каршы тилкеге ​​чыкпоого (тыгында) жана атайын техниканын өтүүсүнө тоскоолдук кылбоого чакырабыз. Эч кандай учурда жайкы дөңгөлөктөр менен айдоого болбойт, анткени ашууларда муз бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Ашууларда кар көчкү астында калбоо үчүн унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактап, таш кулаган жерлерде сак болууга чакырат министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: