super.kg logo

"Дастан Бекешев жалган жалаа жапты". Акын Темирлан Ормуков сотко кайрылды

 

Акын Темирлан Ормуков депутат Дастан Бекешевдин үстүнөн арыз жазып, Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Ал доо арызы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Арызда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында Дастан Бекешев Орусияда көптөн бери жашап, эч нерсе жаза албаган белгилүү бир Акбар Бейшалиевдин атынан Ормуков арыз жазганын, ага жалаа жапканы айтылат.

"Бул жалган жалаа. Дал ушул Акбар Бейшалиев Борбордук шайлоо комиссиясына, Башкы прокуратурага жана УКМКга арыз жазган. Акбар Бейшалиев "Майыптар кыймылынын улуттук альянсы" коомдук фондунун координациялык кеңешинин мүчөсү", - деп билдирет Темирлан Ормуков.

Сот тарабынан акындын доо арызы кабыл алынды. Азырынча отурум белгилене элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: