super.kg logo

Баткенде 13 жаштагы Бекмырза 4 күндөн бери дайынсыз болууда. Апасы милицияга кайрылды

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда 13 жаштагы Бекмырза Баймурзаев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милицияга 37 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Арызда уулу 2008-жылы туулган Бекмырза Баймурзаев Ак-Турпак айыл аймагынын Ак-Турпак айылында жайгашкан “Куран окуу борборунан” 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 13:30дар чамасында чыгып кетип, дайынсыз болгондугун билдирген.

Бул факты Кадамжай РИИБинде катталып, издөө иштери башталган.

Өзгөчө белгилери: Бою 130-135 сантиметр, чачы, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү арык-чырай.

Кийген кийимдери: Ак түстөгү көйнөк, кара жемпир, кара түстөгү шым, көк түстөгү спорттук бут кийим, башында боз түстөгү кышкы баш кийим кийип жүргөн.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү баланы таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0777 33-84-84.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: