Бишкектеги туюк көчөлөргө көпүрө курулууда. Мэрия курулуш иштери кайсы көчөлөрдө жүрүп жатканын айтты (сүрөт)










Бишкектин 3 көчөсүндө көпүрөлөрдү куруу иштери башталды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашып, көпүрөлөр кайсы көчөлөрдө курулуп жатканын билдиришти.
"Архитекторлор көчөсү Киргизская көчөсүнөн Ак-Босого конушундагы Кичи Чүй каналына чейин реконструкцияланууда. Кичи Чүй каналы толук оңдоодон өтүп, жаңы көпүрөнү куруу иштери башталды. Учурда 18 метр болгон темир бетон устундар орнотулду. Көпүрөнүн эки тарабында тротуар каралган.
Ошондой эле Гидростроителдер көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин (Эне-Сай конушундагы Аламүдүн дарыясындагы көпүрө) реконструкцияланууда.
Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү Аламүдүн дарыясындагы көпүрөнүн курулушу менен оңдолот. Тротуар менен жолдун ортосуна бетон тосмолору коюлуп, коопсуздук үчүн көпүрөнүн четине темир тосмолор орнотулат. Буга чейин Гидростроителдер жана Сухэ-Батор көчөлөрүндө көпүрөлөр жок, туюк болчу", - дешет мэриядан.
Эскерте кетсек, "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасы эки жылга белгиленген. Долбоорго ылайык, жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланып, 5 көпүрө курулат. Курулуш жана оңдоп-түзөө иштери Кытайдан келген гранттык каражаттын эсебинен "China Road and Bridge Corporation" ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
TIMON_BERKOWITZ

22.10.2021. 12:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо, Дордойдон чыккандар эми Элебесовага тыгылбай, Алматинкага да тыгыла башташат экен да. Жакшы кабар!
TIMON_BERKOWITZ түзөттү 2021-10-22 12:42:42
Sanjura

22.10.2021. 15:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жаңылык.Айланма жол пробка болуп айдоочулар жол талашып,бирин бири чийип кыйналып бүтмөй болду.Налог төлөшөт байкуштар,төлөгөнгө жараша жакшы жолдо жүрүшсүн
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.