super.kg logo

алдар арасында ооругандар көбөйдү". Көпчүлүк ата-энелер мектептер карантинге жабылуусун колдошууда

 

Кечээ, 21-октябрь күнү брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева өлкөдөгү мектептер онлайн форматка өтпөй турганын билдирип, ата-энелерден ооруп жаткан балдарын мектепке жөнөтпөй турууну суранган.

Мындан улам социалдык тармактарда кызуу талкуу жаралды. Көпчүлүк ата-энелер курч респиратордук вирустук жугуштуу оорулар балдар арасында көбөйүп жаткандыгына байланыштуу бир канча убакытка онлайн окуу форматына өтүү туура чечим болорун жазышкан.

"Бир класста 12, 13 бала ооруп жатат. Бир аз убакытка жаап турса да болмок".

"Жабылса жакшы болмок, мектепте көпчүлүк окуучулар ооруп жатышат, мугалимдер дагы..."

"Бала бакча, мектептер белгилүү мөөнөткө жабылып турса жакшы болмок".

"Ар бир ата-эне балдарына жакшы көңүл буруп, ооруса мектепке жибербей, жакшы айыктырып жиберишсе, жакшы болот эле. Биринчиден, өз балаңызды, экинчиден балаңыздын классташтарын, мугалимдерин ойлосоңор".

"Шайлоодон кийин карантин болот. Эч кыжалат болбогула".

"Биринчи кафе, ресторандарды жабыш керек. Тойго элдер ооруганына карабай барышат, үйгө келип балдарга жугузушат".

"Балдар көп ооруп жатышат, класстарда окуучулардын жарымы жок".

"Балам ооруганда окуусуна да кайыл болдум. Баштан өтмөйүнчө түшүнбөйбүз да. Ылайым балдар оорубасын".

Карантин балдардын окуу деңгээлине кедергисин тийгизип калат деп онлайн окуу форматына каршы болгон ата-энелер да жок эмес.

"Ооруп жатканда үйдөн дарыланып, айыкканда мектепке барса болот да. Окуучулардын билим деңгээли аябай начар болуп кетиптир. Эми дагы онлайн болсо билбейм анда кийин кандай болот?!"

"Окуучулар эч нерсе билбей калышты, жаап салганда таптакыр эле нөл болуп калышат. Мурда деле суук болгон учурда ооруп жүрүшкөн, дарыланып айыкканда кайра келе беришет. Мектепти жаап салган туура эмес. Коронавирус деле жакынкы жылдары түп орду менен жоголуп кетпейт да, көнүп калып, ооруганда башка оорулар сыяктуу эле кабыл алып баштайбыз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.10.2021. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Союздун убагын оорусак деле мектеп жабылбай эле окудук.
22.10.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балдарынарды мал кылгынар барбы?Карантин Болсо Уйдо эптеп окута албайсынар.лучше мектепке барсын окусун билим алсын
22.10.2021. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мектепти эмес кафе ресторандарды жапкыла.бишкектен ошко.оштон бишкеке тойлоп журушот оору жуктурушуп
22.10.2021. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Офлайн эле окуганы жакшы 2 жыл онлайн окуп балдардын билим денээли начарлап кетти оруган балдарды мектепке жонотпой туршса жакшы бомок дени сак балдар окуусун улата беришсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: