Акылбек Жапаров айыл чарба тармагынын алдыңкы кызматкерлерине энчилүү сааттарды белек кылды
Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өткөн агро өнөр-жай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Жапаров айыл чарба секторунун өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон кызматкерлерин энчилүү сааттар менен сыйлады. Ошондой эле айыл чарба техникасын жана республиканын аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрүп чыкты.
Акылбек Жапаров өз сөзүндө айыл чарба кызматкерлеринин эмгегин жогору баалап, ушул жылы алар жогорку кесипкөйлүктү жана өжөрдүктү көрсөткөндүгүн белгиледи.
"Аба ырайындагы жагымсыз шарттарга карабастан, ата мекендик айыл чарба кызматкерлери өлкө калкынын азык-түлүккө карай муктаждыгын камсыздоого чоң салым кошо алышты. Жеңилдиктер, насыялар, аба ырайынын катаал шартында дыйкандарды колдоого алуу, экспорттук субсидиялар жана жер семирткичтерди, транспортту жана күйүүчү-майлоочу майларды колдоо чаралары улантылат.
Учурда биздин алдыбызда өзүбүздүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана айыл чарба секторунун экспорттук потенциалын жогорулатуу милдети турат", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.





1 |