Жактоочу Орхан Инанды боюнча жаңы жагдайларды айтып чыкты
Түркияда ФЕТОнун Орто Азиядагы өкүлү катары айыпталып жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны кармап кеткендеги жаңы жагдайларды жактоочусу айтып чыкты. Бул тууралуу жактоочу Таалайкүл Токтакунова Түркиядагы кесиптешине таянуу менен социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ушул жылдын 30-майында ал (Орхан Инанды) үйүнө бара жаткан. Түнкү саат 23:00 чамасында аны алып кеткен адамдар (үч адам, экөө Кыргыз жараны) унаага күч колдонуп салышкан. Алар милициядан келишкенин айтып, ошол жакка алып барабыз дешкен. Андан соң аны оң колун бүгүп, унаанын арткы отургучуна отургузушкан. Ал катуу ооруну сезген (кыязы, колу сынган). Алардын бири аны бутунан, бири башынан кармашкан. Ал каршылык көрсөткөндө сабашкан. Аны унаага салганда бут кийими түшүп кеткен, чөнтөгүндөгү болгон нерселердин бардыгын ыргытып жиберишкен. Болгону китеби жана капчыгы гана калган.
Болжол менен 15 мүнөттөн кийин ага Бишкектен Кара-Балтаны көздөй бара жаткандыгын айтышкан.
Алар шаардан чыкканда токтоп, башка унаага отурушкан. Унаадан түшөрү менен анын колуна укол салынган. Алар аны унаанын арткы отургучуна салышып, көзүн скотч менен, колун желим кишен менен байлап коюшкан. Бул жерде алар "Джавшан аль-кабир" китебин жана капчыгын алып коюшкан. Андан соң ал уктап калган", - деп жазган жактоочу.
Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.








1 |